Салык кызматы маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыгын чыгарды
Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 31-июлунда маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жыйынтыктайт.
Пилоттук долбоор Бишкек, Манас жана Ош шаарларында коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу, ошондой эле мончо жана сауна кызматтарын көрсөтүү тармагында иш жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин катышуусу менен өткөрүлдү.
Жалпысынан 1,3 миңден ашык ишкердик субъект интеграциялоону ийгиликтүү аяктап, 2 миңден ашык объект системага кошулду.
Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча салыктык башкарууну жакшыртуу жана салык тартибин жогорулатуу багытында оң натыйжаларды көрсөттү.
Долбоордун жыйынтыктары ФПКны киргизүү акчалай эсептешүүлөрдү толук чагылдырууга оң таасирин тийгизгенин көрсөттү. Тактап айтканда, пилоттук долбоорго кошулганга чейин анын катышуучуларынын 2025-жылдын январь–июнь айларындагы орточо күнүмдүк түшүүсү 89,6 миң сомду түзсө, 2026-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 153,4 миң сомго жеткен. Өсүү темпи 171,3 пайызды түздү.
Мындай оң динамика пилоттук долбоордун айрым катышуучуларында да байкалды. Мисалы:
- «А» кафесинде суткалык орточо түшүүсү 121,1 миң сомдон 399,6 миң сомго чейин көбөйгөн (өсүү – 329,9%);
- «Б» кафесинде 90,6 миң сомдон 357,8 миң сомго чейин өскөн (өсүү – 394,9%);
- «В» кафесинде 109,8 миң сомдон 319,1 миң сомго чейин жогорулаган (өсүү – 290,6%).
Учурда Салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте маалымат берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону этап-этабы менен киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда.
Белгилей кетсек, тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынганга чейин пилоттук долбоордун катышуучулары ФПКны мурда белгиленген тартипте колдонууну улантышат.
2026-жылдын 1-августунан тартып ФПК үзгүлтүксүз режимде иштеп, ишкердик субъекттеринин туруктуу ишин жана фискалдык маалыматтардын салык органдарынын маалыматтык системаларына үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыздайт.
Мамлекеттик салык кызматы ФПКны киргизүүнүн кийинки этаптары, ченемдик укуктук актылардын күчүнө кирүү мөөнөттөрү жана жаңы талаптар кайсы категориядагы ишкердик субъекттерине жайылтылары тууралуу кошумча маалымат берет.
