Бөкөнбаев айылында 20 миңден ашуун тургун таза суу камсыз болот
25 июль

Бөкөнбаев айылында 20 миңден ашуун тургун таза суу камсыз болот

24-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруу жумуштарын көрдү.

Добору алкагында 20 500дөн ашуун адам туруктуу жана сапаттуу ичүүчү сууга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бүгүнкү күндө курулуштун даярдыгы 42,57% түзөт.

– Таза суу – бул ден соолуктун булагы. Ар бир жаран коопсуз таза сууга жетүүгө тийиш. Биз бул ишти сапаттуу жана так мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз», – деп белгилеп, таза суу маселеси мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин билдирди Бакыт Төрөбаев.

2025-жылдын 1-мартынан баштап турак жайларды суу түтүк системасына туташтыруу иштери башталган. Бүгүнкү күндө 216 абонент туташтырылды.

Бөкөнбаев айылындагы бардык иштердин толук аякташы 2028-жылдын февраль айына белгиленген.

Бул долбоор жергиликтүү элдин жашоо шартын жакшыртууга жана калктын коопсуз ичүүчү сууга жетүүсүн камсыздоо аркылуу региондун туруктуу өнүгүшүнө багытталган.