Элчи Аскар Бешимов Wingspan Group компаниясынын төрагасы жана башкы директору Нираж Ратхи менен жолугушту
2025-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимовдун Wingspan Group
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык авиация тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү, индиялык туристтерди тартуу жана ишкерлик байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин тастыктап, бул туризмдин, инвестициялык кызматташуунун жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн белгилешти.
Элчи А.Бешимов түз аба каттамдарын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул бизнес жана маданий алмашууларды стимулдаштыраарын белгиледи. Өз кезегинде Н.Ратхи Кыргыз Республикасынын туристтик жана транзиттик борбор катары жогорку потенциалы бар экендигин белгилеп, кыргыз тарап менен мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдарды илгерилетүү ниетин билдиришти.
Маалымат катары: Wingspan Group компаниясы Индияда 1998-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө жарандык авиация тармагында авиабилеттерди сатуу, чартердик каттамдарды уюштуруу, жүк ташуулар жана авиакомпанияларга маркетингдик колдоо көрсөтүү кызматтарын аткарган ири структуралардын бири болуп эсептелет. Компания алдыңкы авиакаттамдарды ишке ашыруучу ташуучулардын, анын ичинде IndiGo авиакомпаниясынын расмий өнөктөшү болуп саналат.
