Айыл чарба министрлигинин өкүлү: Эттин баасы деле учактын баасындай – кааласаң “эконом-класс”, кааласаң “бизнес-класс”
Кыргызстандын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги сандан сапатка өтүү багытын тандап алып, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Аталган министрликтин өкүлү билдиргендей, асыл тукум мал көбөйсө, бул мал туягынын санын азайтат. А бул өз кезегинде жайыттарды дегредациядан сактап калат.
“Асыл тукум мал чарбачылыгына бир катар жеңилдиктер берилет. Бул багытта ар түрдүү программаларды иштеп чыктык. Мисалы, бир мүйүздүү асыл тукум малды көбөйтүү боюнча 3 пайыздык кредит берилип жатат”, – деди ал.
Депутат Нилуфар Алимжанова эттин баасы акыркы учурда кымбаттап жатканын жана министрлик бааны туруктуу кармоо үчүн кандай чараларды көрүп жатканын сурады.
“Негизи Айыл чарба министрлиги өндүрүштүк болушу керек, өндүрүштүн үстүндө гана иштери керек. Бирок эттин баасы кымбаттап кеткендиктен, биз ага да кийлигишип, социалдык сатуу аянттарын түздүк, павильон, киоскторду ачтык. Малдын, эттин баасы кымбат болсо – бул аны өндүрүүчүлөргө – фермерлерге абдан жакшы болмок. Бирок шаарларда эттин баасынын көтөрүлүшү шаар тургундары үчүн кыйынчылык жаратып коюуда. Ошондуктан “Кыргыз агрохолдинг” аркылуу ар кайсы жактан этти алып келип, арзан баада сатууну жүргүзүп жатабыз. Мен өзүм да рейддерге чыктым, Ош базарында, Орто-Сай базарында атайын социалдык лавкалар иштеп жатат, ал жакта баа туруктуу. Андан сырткары ишемби, жекшемди күндөрү жарманке өткөрүп, ал жакта да эттин баасын көзөмөлдөр турабыз. Бирок учакта деле эконом, бизнес класс болгон сыяктуу эттин да баалары ар кандай, сапатына жараша”, – деди Айыл чарба министрлигинин өкүлү.
