Дотациядагы айыл өкмөттөр айыл чарба техникаларын лизингге күрөөсү жок кантип алууга болоору айтылды
Депутат Жылдыз Садырбаева айыл өкмөттөргө тагылган “айыл чарба жабдыктарын өздөрү сатып алышы керек” деген милдеттенме дотациядагы айыл өкмөттөр үчүн оор келип жатканын билдирди.
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында депутат Эсептөө палатасынын өкүлүнө кайрылды:
“Айыл өкмөттөрүнө атайын жабдууларды өздөрү камсыздандырышы керек деген милдет жүктөлгөн. Бирок дотациядагы айыл өкмөттөр каражат жоктугунан аны ала албай отурушат. Мисалы, Кочкор айыл өкмөтүнөн 2 миллион сом керек. Дотациядагыларды бул милдеттен бошотсок же айыл чарба жабдыктарын алар үчүн республикалык бюджеттен алып берсек болобу?”
Эсептөө палатасынын өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда 231 айыл өкмөттүн 175и бүгүнкү күндө дотациядан чыга элек.
“Алар айыл чарба техникаларын сатып алуудан кыйналышса, өздөрүнүн бюджетине киргизип коюшса, биз аны теңдештирүү грантына кошуп коебуз. Бюджетин түзүп жатканда, чыгымын кошууга тийиш. Андан сырткары айыл чарба техникаларын лизингге берген атайын программалар бар”, – деди ал.
Депутат лизингге алуу үчүн күрөө керектелерин, а айыл өкмөттөрүндө ал жок болуп жатканын айтты.
“Анын механизмдери абдан көп. Эгер күрөө жок болсо, биз кепилчилик берип турабыз”, – деди Эсептөө палатасынын өкүлү.
