Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорго эки өлкөнүн бизнес-коомчулугун жигердүү тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана ишкерлердин түз байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
