Темир Сариев CCID өкүлдөрү менен жашыл энергетика боюнча кызматташууну талкуулады
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлигине караштуу CCID өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.
Тараптар электр энергетикасы, кайра жаралуучу энергия булактары, жашыл экономика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
CCID Борбор Азиядагы кызматташтыкты Кыргызстандан баштоого кызыкдар экенин билдирди.
Кытай тарап ШКУ саммитине BYD, Geely жана Great Wall Motor компанияларынын өкүлчүлүк класстагы электр унааларын акысыз убактылуу пайдаланууга берүүнү сунуштады.
Ошондой эле 18-сентябрда Кыргызстан менен Кытайдын бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда электр энергиясына өтүү боюнча чек ара аралык өнөр жай кызматташтык форумун өткөрүү маселеси талкууланды.
