Быйыл Кыргызстанда сарымсак 20 миң тоннага көп жыйналды
5 декабрь

Быйыл Кыргызстанда сарымсак 20 миң тоннага көп жыйналды

Быйыл Кыргызстанда сарымсактын түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу 20 миң тоннага көп жыйналды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, республикада сарымсак өндүрүү 2019-жылы 69 миң тоннаны түзсө, 2023-жылы 81,6 миң тонна, ал эми 2024-жылы 100 миң тоннанын тегерегинде болду.  

Кыргызстанда сарымсактын негизги көлөмү 1 гектарга чейинки чарбаларда өндүрүлөт.

Ошондой эле, өлкөдө өнөр жайлык сарымсак өндүрүүгө адистешкен бир нече ишканалар бар.

Сарымсактын Кыргызстанда бир канча жергиликтүү сорттору бар. Биздин бийик тоолуу климат сарымсак өстүрүүгө абдан ылайыктуу. Кыргыз дыйкандары ички рынокту да камсыздап, башка өлкөлөргө да экспорт үчүн өндүрүүгө  мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тармактагы түшүм жыйноо процессинде канчалык жогорку технологиялык ыкмалар колдонулбасын, адамдын кол эмгегисиз иштөө мүмкүн эмес. Сарымсак жогорку кирешелүү өсүмдүк болгондуктан аны өстбүрүү, өндүрүү жергиликтүү дыйкан-фермерлер үчүн өтө пайдалуу багыт болуп саналат.