Салык төлөөчүлөр 30-ноябрга чейин транспорт салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү же кайтарып берүү жөнүндө арыз бериши керек
5 август

Салык төлөөчүлөр 30-ноябрга чейин транспорт салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү же кайтарып берүү жөнүндө арыз бериши керек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-январына карата транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча ашыкча төлөгөн салык төлөөчүлөр, 2025-жылдын 30-ноябрына чейин салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү же кайтарып берүү жөнүндө салык органына арыз берүүгө тийиш экендигин маалымдайт.

Арызды cabinet.salyk.kg сайтында салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнөн тапшырса болот.

Белгилей кетсек, белгиленген мөөнөттө арыз берилбеген учурда ашыкча төлөнгөн салыктын суммасы салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен мамлекеттик бюджеттин кирешесине эсептен чыгарылат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-июнундагы мыйзамы менен транспорт салыгы жоюлган.

Ушуга байланыштуу, салык төлөөчүлөр төлөнгөн транспорт салыгынын суммасын салыктардын башка түрлөрүнө чегерип же кайтара алышат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 116 номеринен алууга болот.