
Бишкекте дагы эки ЖЭБ куруу пландалууда
Бишкекти жылуулук менен камсыздоо ишенимдүү болушу үчүн башкы ЖЭБден тышкары дагы 2 жылуулук булагы пайда болот. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Нурлан Кайдуев билдирди.
Айтымында, азыр Бишкек ЖЭБ - жалгыз жылуулук булагы. Буга байланыштуу келечекте дагы үч булак: ЖЭБ-2 жана дагы бир чакан ЖЭБ куруу пландалып жатат.
“Учурда ЖЭБ-2ни жаратуу боюнча инвестициялык документтердин пакетине кол коюлуп жатканы тууралуу маалымат бар, бул биздин жылуулук менен камсыздоого болгон ишеничибизди бекемдейт. Ошондой эле, мэрия тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп жатат – “Бишкексельмаш” отканасы жанданат жана анын базасына кичи ЖЭБ орнотулат. Ошентип, үч жылуулук булагы пайда болот. Үч булак менен жылуулук берүүнүн ишенимдүүлүгү жогорулайт», - деп түшүндүрдү Кайдуев.
Ошондой эле, “Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын башкы инженери кошумчалагандай, мындай жол менен жыл сайын жабдууларды оңдоо үчүн ысык сууну өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга болот.