Накталай эмес төлөм: “Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү пункттарынан 300 млн сомдон ашык каражат түштү
“Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү пункттарында QR-код менен накталай эмес түрдө төлөм системасы аркылуу 2025-жылы жалпы 300 млн 266 миң 484 сом жыйым чогулду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,48%га көп.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев буга чейин калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жетекчилигине элдин ыңгайлуулугу үчүн аталган көзөмөл-өткөрүү пункттарды тез арада накталай эмес төлөмгө өткөрүү тапшырмасын койгон. Натыйжада, айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулган.
Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код аркылуу, жеринде орнотулган терминалдар аркылуу же электрондук капчыктар мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат.
“Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан системанын кеңири колдонулушу менен контролдук пункттардагы кызматкерлердин саны этап-этабы менен оптималдаштырылды.
Мындан тышкары, “Сосновка” жана “Кара-Көл” контролдоо пунктарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу максатында жол тилкелери кеңейтилди. Аталган пунктарда кошумча 2 жол тилкеси курулуп, пайдаланууга берилди.
