Бакыт Төрөбаев Тоң районундагы «Кыргыз бройлер» ишканасынын ачылышына катышты
Бүгүн 2025-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Кыргыз бройлер» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы өндүрүш аянтчасынын ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага облус жана район жетекчилери, донордук уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты.
«Кыргыз бройлер» ишканасы бройлер тоокторун багууга жана тоок этин өндүрүүгө адистешкен. Ишканада инкубация, тоют өндүрүү, бройлер өстүрүү, тоок союу, этин кайра иштетүү жана даяр продукцияны таркатуу сыяктуу толук өндүрүш цикли жүргүзүлөт.
Өндүрүш ишмердүүлүгү 2022-жылы башталып, учурда ишкана жыл сайын 10 миллиондон ашык инкубациялык жумуртка өндүрүп, жергиликтүү канаттуулар фабрикаларын туруктуу камсыздап келет.
Бүгүнкү күндө ишканада 75 адам иш менен камсыз болгон. Азыркы учурда инкубацияга жарактуу жумурткалар өндүрүлүүдө, алардын бир даанасынын баасы 42 сомдон бааланууда.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча саясатын ишке ашыруу алкагында ишке ашырылууда.
«Учурда ‘Кыргыз бройлер’ ишканасы жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрүүдө. Бул 30 миң тонна тоок этин өндүрөбүз дегенди билдирет. Бул мамлекет үчүн маанилүү кадам, анткени ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз таасир этет. Кыргызстан боюнча жумуртка менен камсыз кылуу деңгээлине жетиштик», – деди Бакыт Төрөбаев.
Өнүгүү пландары:
Компания туруктуу өнүгүүнү жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатууну көздөйт.
2025–2026-жылдары эки жаңы өндүрүш аянтчасы, ал эми 2027-жылы дагы эки аянтча курулат. Бул аймактарда заманбап тоок сарайлары, кошумча инфраструктура жана инженердик курулмалар тургузулат.
Долбоордун алкагында жаңы технологиялык жабдуулар орнотулуп, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Бул чаралар аймактын социалдык-экономикалык өсүшүнө салым кошуп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана мамлекеттик бюджетти чыңдоого өбөлгө түзөт.
