Элчи Аида Исмаилова «Hyundai Rotem» компаниясына барды
24 июль

Элчи Аида Исмаилова «Hyundai Rotem» компаниясына барды

2025-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова темир жол техникасын жана транспорттук инфраструктура боюнча чечимдерди өндүрүүгө адистешкен Түштүк Кореянын «Hyundai Rotem» компаниясынын башкы кеңсесине барып, таанышуу визити менен болду.

Визиттин алкагында Элчи жогорку ылдамдыктагы поезддерди, темир жол кыймылдуу курамдарын чыгаруу процессин, ошондой эле темир жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча компаниянын технологиялык чечимдери менен таанышты.

Компаниянын жетекчилиги менен болгон жолугушууларда Элчи Аида Исмаилова Кыргыз Республикасындагы темир жол тармагынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берип, өлкөнүн темир жол тармагын жаңыртуу жана кеңейтүү боюнча жогорку потенциалга ээ экенин белгиледи. Бул багытта ал Түштүк Кореянын технологияларын жана инвестицияларын тартуу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

«Hyundai Rotem» компаниясынын жетекчилиги Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын кененирээк изилдөө үчүн Кыргызстанга делегация жиберүүгө даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн:

«Hyundai Rotem» Hyundai Motor Group компаниялар тобуна кирген Түштүк Кореянын алдыңкы машина куруу компаниясы. Компания метро поезддерин, жогорку ылдамдыктагы поезддерди, электровоздорду чыгарууга адистешип, темир жол системаларын электрификациялоо, сигнализациялоо жана автоматташтыруу боюнча комплекстүү чечимдерди сунуштайт. Компаниянын продукциясы дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө экспорттолот.