Түп районунда 500 тонна жемиш сактай турган логистикалык борбор курулат
Түп районунун Михайловка айыл аймагында логистикалык борбор курулат. Кечээ, үч тараптуу келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Аталган логистикалык борборду куруу иши Кыргыз Азербайджан фондунун колдоосу ишке ашырылат.
Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого жетет. Ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке берилет.
