Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялар 26%га өсүп, 710% жетти
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
7 октябрь

Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялар 26%га өсүп, 710% жетти

Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын агымы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 709,9 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26,2%га өскөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

Анын айтымында, инвестициялар иштетүү өнөр жайында 21,3%га, пайдалуу кендерди казууда 7,1%га, дүң жана чекене соодада 57,6%га, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда 5,9%га, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 17,7%га, маалымат жана байланышта 19,5%га өскөн.