Кыргызстан менен Корея экономика, энергетика жана инновациялар жаатында кызматташтыкты кеңейтүүдө
Сеул шаарында 21-майда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттары талкууланды.
Тараптар Кыргыз Республикасында инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду, гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу, бизнес-форумдарды жана бизнес-миссияларды уюштуруу, жашыл экономика, өнөр жай, энергетика, туризм, маданият, спорт багыттары боюнча кызматташуу аркылуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин карашты.
Ошондой эле, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, инновациялар, маданият, эмгек миграциясы, айыл чарбасы тармактарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө макулдашылды.
