Бишкектеги картошка фрисин чыгарган ишкана кубаттуулугун жогорулатууну пландап жатат
8 октябрь

Бишкектеги картошка фрисин чыгарган ишкана кубаттуулугун жогорулатууну пландап жатат

Бишкек шаарындагы тоңдурулган картошка фрисин чыгаруучу ишкана жакын арада продукциясын Алматыга экспорттоону пландап жатат. 

Учурда анын кубаттуулугу саатына 300 кг түзсө, жакынкы келечекте аны эки эсеге көбөйтүү мерчемделген.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын өткөрүп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан. 

Компания 2022-жылдан тартып тоңдурулган картошка фрисин чыгаруучу линияны ишке киргизген.

Картошка көбүнесе Нарын жана Ысык-Көл облсунун дыйкандарынан сатып алынат. Өндүрүштү ишке киргизүү үчүн жабдыктар чет өлкөдөн алып келинген. Бирок, дагы кошумча өндүрүш жабдууларын сатып алууда пайыздык өлчөмү жогору болгон коммерциялык насыя алынгандыгы компания үчүн кыйынчылык жаратууда.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу, анын пайыздык өлчөмүн азайтуу боюнча механизмдерди карап чыгуу үчүн министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилди.