Салык кызматынын төрагасы «ROX Group» вьетнам компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
24 июль

Салык кызматынын төрагасы «ROX Group» вьетнам компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 24-июлда “ROX Group” вьетнам компаниясынын Кыргызстандагы аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ву Куанг мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын турак жай курулушу, энергетика жана Кыргызстандын аймактарында рекреациялык туризмди өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуу жана консультациялык колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Салык кызматынын жетекчилиги өлкөнүн курулуш жана энергетика секторлорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган багыттардын негизинде алдыдагы биргелешкен кадамдар аныкталды. Ошондой эле компаниянын демилгелерин Кыргызстанда ишке ашыруунун жүрүшүндө аларды дайыма коштоп жүрүү үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалды.