Минкаб төрагасы: 2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сомду түзөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 сентябрь

Минкаб төрагасы: 2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сомду түзөт

2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Анын маалыматына таянсак, бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер – 634 млрд сом.

Адылбек Касымалиев бюджеттин көбөйүшү менен, 2027-жылы социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

  • Билим берүүгө – 134,2 млрд сом (+45,2 млрд);
  • Саламаттык сактоого – 76,4 млрд сом (+21,7 млрд);
  • Социалдык коргоого – 47,3 млрд сом (+21,6 млрд).