Ош облусундагы малды жасалма уруктандыруучу пункттар жабдуулар менен камсыздалды
24 июль

Ош облусундагы малды жасалма уруктандыруучу пункттар жабдуулар менен камсыздалды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал чарбасын өнүктүрүү жана айыл аймактарда кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында иш-чараларды системалуу жана натыйжалуу жүргүзүп келет. Министрликтин демилгеси менен жана Дүйнөлүк банктын «Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында бүгүн Ош облусунун айылдарында бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 34 жаңы пункт жабдуулар менен толук камсыздалды.

Бул аракеттердин негизги максаты – мал чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаңы технологияларды киргизүү аркылуу өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл тургундарынын кирешесин өсүрүү. Жабдууларды министрлик менен Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору (ААК) биргеликте камсыздап, республика боюнча жалпы 160 комплект берилди, анын 34ү Ош облусуна багытталды.

Ар бир комплектте заманбап жана эффективдүү иштөөгө шарт түзгөн шаймандар:

  • Дьюар идиши,
  • шприц-катетер,
  • термостат-дефростер,
  • термометр.

Бир комплекттин баасы 37 500 сомду түзүп, жалпы 160 комплект үчүн 6 миллион сом сарпталды.

Министрлик уруктандыруу техниктерине атайын формаларды (жилет жана кепка) берип, алардын кесипкөйлүгүн жана иштөө шарттарын жакшыртууга да өзгөчө көңүл бурууда.

Жабдуулар айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүлүп, тиешелүү адистерге берилет. Техник кызматын токтоткон учурда, жабдуулар аймактык ветеринардык кызматтын макулдугу менен башка адиске өткөрүлөт.