Кыргызстан Африканын Того Республикасы менен инвестиция жаатында кызматташат
28 апрель

Кыргызстан Африканын Того Республикасы менен инвестиция жаатында кызматташат

Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Батыш Африкадагы Того Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда инвестициялык илгерилетүү жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Ал бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды. 

Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин жетекчисинин орун басары Мээримбек Койчумановдун маалыматына караганда, макулдашууда инвестиция тартуу, укуктук чөйрөнү түзүү, инвесторлордун укугун коргоо жана аларга эң жагымдуу шарттарды түзүп берүү, адилеттүү жана тең укуктуу мамиле кепилдиктерин берүү, кирешелерди эркин которуу каралган. 

Ал Того Республикасы негизинен кофе, какао жана пахтаны экспорттоого басым жасаарын, ошол эле убакта макулдашуу кыргыз компаниялары үчүн жаңы рынокко чыгууга жол ачаарын кошумчалады. 

Ошондой эле Мээримбек Койчумановдун айтымында, буга чейин Кыргызстан аталган Африка өлкөсү менен кызматташкан эмес, тарыхта биринчи жолу кызматташууга аракет жасалууда.