Мамлекеттик салык кызматында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” темасында лекция өттү
10 декабрь

Мамлекеттик салык кызматында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” темасында лекция өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кызматкерлер үчүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу темасында агартуучулук лекция өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов жана ведомствонун кызматкерлери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдук биримдикти чыңдоодогу, улуттук иденттүүлүктү бекемдөөдөгү жана мамлекеттик кызматкердин кесиптик маданиятын калыптандыруудагы орду кеңири талкууланды.

Мындай маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу кызматкерлердин мамлекеттик тилди терең өздөштүрүүсүнө, аны күнүмдүк иште туура жана натыйжалуу колдонуу маданиятын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кылымдар бою уланган тарыхый мурастары, руханий жана маданий баалуулуктары тууралуу маалыматтарды талкуулап, аларды сактоо жана өнүктүрүүнүн коом үчүн гана эмес, ар бир мамлекеттик кызматкердин жеке өсүшү үчүн да маанилүү экенин белгилешти.

Мамлекеттик салык кызматы билим берүү, маданий-тарбиялык жана патриоттук багыттагы иш-чараларды мындан ары да күчөтүп, кызматкерлердин кесиптик жана маданий компетенцияларын жогорулатууга багытталган окутууларды өткөрүүнү улантат.