Нарын облусунда агроөнөр жай кеңейет: 33 ишкана жана логистикалык борборлор түзүлөт
КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү максаттап, өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Нарын облусунун өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын потенциалына жасалган талдоонун негизинде 2 соода-логистикалык борборду (СЛБ) жана 31 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландаштырылган.
Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык иштеп, айыл чарба продукциясын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүү көлөмүн арттырууга багытталат. Алардын ишмердүүлүгү буудайды, жашылча-жемиштерди, мөмө-жемиштерди, сүттү, этти, жүндү кайра иштетүүнү, ошондой эле май жана тоют өндүрүүнү камтыйт.
Район жана шаарлар боюнча пландар төмөнкүдөй:
- Ат-Башы району – 10 кайра иштетуучү ишкана;
- Нарын району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетуучү ишкана;
- Ак-Талаа району – 3 кайра иштетүүчү ишкана;
- Жумгал району – 5 кайра иштетүүчү ишкана;
- Кочкор району – 1 СЛБ, 7 кайра иштетүучү ишкана;
Министрлик пландарды жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырып, Нарын облусунун жана башка региондордун агроөнөр жай потенциалын жогорулатууга багытталган иштерди улантат.
Министрлик белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу алкагында өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташууга чакырат. Бул демилгелер аймактарда кайра иштетүү тармагын жана агробизнесин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
