Чолпон-Атада ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму өтөт
www
21 май

Чолпон-Атада ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму өтөт

Ушул жылдын 27–29-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму жана боордош шаарлардын жолугушуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.

Эки күндүн ичинде аймак жетекчилери, өкмөт жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, соода, инвестиция, логистика жана туризм тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду талкуулашат.

Форумдун негизги практикалык жыйынтыгы катары аймактар аралык кызматташуу боюнча документтер пакетине кол коюлуп, өз ара алмашуу болот.

Форум ШКУнун 25 жылдыгына карата өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын уюмдагы төрагалыгынын алкагында «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге» деген ураан алдында уюштурулууда.

Форумдун ишине Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышат.

2026-жылдын 28-майында №2 мамлекеттик резиденцияда ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун жана боордош шаарлардын жолугушуусунун расмий ачылыш аземи өтөт. «ШКУдагы аймактар аралык өнөктөштүк: биргелешкен өнүгүүнүн 25 жылы» аттуу пленардык жыйында делегация башчылары сөз сүйлөп, андан соң кол коюлган документтер менен алмашуу аземи болот.

Документтер соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык тармактарды камтып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө негиз түзөт.

Ошол эле күнү — 2026-жылдын 28-майында — Baytur Resort & SPA мейманканасында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү;
  • B2B форматындагы ишкерлер арасындагы сүйлөшүүлөр;
  • Транспорттук коридорлор, логистика, техникалык жөнгө салуу, халал-индустрия жана боордош шаарларды өнүктүрүү маселелери боюнча панелдик сессиялар.

Көргөзмө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин форумунун жана боордош шаарлардын жолугушуусунун алкагында өткөрүлөт. Иш-чаранын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын ата мекендик компаниялары катышат. Жалпысынан 40тан ашуун өндүрүүчү жана экспортко багытталган компания өз продукцияларын сунуштайт.

Көргөзмөгө жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, текстиль, кол өнөрчүлүк жана башка тармактардын өкүлдөрү катышат.

Көргөзмөдө негизинен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн ата мекендик продукциялар көрсөтүлөт.

Көргөзмө ата мекендик өндүрүштү таанытууга, экспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаңы өнөктөштөрдү табууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.