Кыргызстан менен Вьетнам энергетика тармагында үч Меморандумга кол коюшту
7 март

Кыргызстан менен Вьетнам энергетика тармагында үч Меморандумга кол коюшту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий визитинин алкагында Ханой шаарында Вьетнамдын бизнес-коомчулугу менен жолугушууга катышты.

Бизнес диалогдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Таалайбек Иманов, өлкөнүн энергетикалык потенциалы жана негизги энергетикалык долбоорлор жөнүндө Энергетика министри Таалайбек Ибраев баяндама жасады.

Вьетнамдык ишкерлер өз кезегинде активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууну жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган конкреттүү демилгелерди кароону макулдашышты.

Ишкер жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө документтерге кол коюп, алмашуу аземи болду.

Атап айтканда, кол коюлган документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Вьетнамдын өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Vtech компаниясынын (Вьетнам)ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
  • "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК менен Вьетнамдын электр энергетика системасынын жана рыногунун улуттук операторунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.