БАнын электр тармактарынын жана ЖЭС 70%га чейинкиси модернизациялоого муктаж – ЕӨБ
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь

БАнын электр тармактарынын жана ЖЭС 70%га чейинкиси модернизациялоого муктаж – ЕӨБ

Борбор Азиядагы электр тармактарынын жана жылуулук электр станцияларынын 70%ына чейини жаңылоого муктаж. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөгө ылайык, аймакта электр энергиясын керектөө мындан ары да өсөт. 2030-жылга карата суроо-талап 2026-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу болжол менен 27%га көбөйүп, 370 млрд кВт·саатка жетиши мүмкүн.

Электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө калктын санынын көбөйүшү, жаңы ишканалардын ачылышы, курулуш тармагынын өнүгүшү, экономиканын санариптешүүсү, маалыматтарды иштетүү борборлору, майнинг жана электр транспортун колдонууга өтүү таасир этет.

Мындай шартта энергетикалык объектилердин эскириши аймактагы негизги инвестициялык көйгөйлөрдүн бирине айланууда.

Энергетикалык инфраструктуранын басымдуу бөлүгү совет мезгилинде курулгандыктан, ондогон жылдар аралыгында кыйла эскирген.

Учурда өлкөлөр электр энергиясына болгон суроо-талапты камсыздоо үчүн жаңы кубаттуулуктарды куруу жана иштеп жаткан жылуулук электр станцияларын, гидроэлектр станцияларын, көмөкчордондорду жана электр тармактарын жаңылоо сыяктуу эки ири каржылык милдетти бир убакта чечүүгө аргасыз.

ЕӨБдүн пикиринде, чыгымдардын бир бөлүгүн аймактык координация аркылуу оптималдаштырууга болот. Бул өлкөлөргө кымбат резервдик кубаттуулуктарды өз-өзүнчө түзбөөгө жана энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.