Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан электр энергиясын жеткирүү боюнча Протоколдорго кол коюшту
8 сентябрь

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан электр энергиясын жеткирүү боюнча Протоколдорго кол коюшту

Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында Чолпон-Ата шаарында энергетикалык кызматташтык маселелери боюнча кезектеги отурум болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинен кабарлашты. 

Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда 2025-2026-жылдардын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча Протоколго кол коюлду.

Кол коюлган документтин негизги максаты - Токтогул суу сактагычындагы сууну сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн Казакстан менен Өзбекстандан Кыргызстанга күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жеткирүү боюнча тараптардын милдеттенмелерин белгилейт.

Мындан тышкары, Казакстандын энергетика системасы аркылуу Россиядан жанаТүркмөнстандан Өзбекстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын алып өтүү шарттары макулдашылды.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргызстандын энергетика министри сөз сүйлөп, коңшу өлкөлөр менен болгон тыгыз кызматташтык, энергетикалык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү түзөөрүн билдирди.

“Биргелешкен күч-аракеттер менен биз элдерибизди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылу үчүн, ошондой эле аймактагы энергетикалык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоо максатында энергетика тармагында эки тараптуу байланыштарды мындан ары дагы уланта беребиз ишенем. Буга байланыштуу өзбек жана казак кесиптештерибиз кол коюлган протоколдорго ылайык электр энергиясын берүү графигин сакташын күтөбүз” - деди министр Ибраев.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу Протоколго кол коюлду.

Суу чарба жана энергетика ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги отурумуна Кыргыз Республикасынан: энергетика министри Т.О.Ибраев, министрдин орун басары Э.К.Ысманов, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И.М. Сыдыгалиев, «Кыргыз Энергетикалык Эсеп Борбору» ААКнын башкы директору Б.Р.Жаныбеков, “Электр станциялар” ААКнын башкы директоруну биринчи орун басары Р.А.Турганбаев катышты.

Казакстан Республикасынан: энергетика министри Е.К.Аккенженов, Казакстан Республикасынын суу ресурстары жана ирригация министринин биринчи орун басары Н.Ж.Алдамжаров, АО “KEGOC” жетектоочу директору Н.Н. Керимкулов, "ЭКБ боюнча РФБ" ТОО башкы директору Г.К.Налибаева катышты.

Өзбекстан Республикасынан: энергетика министри Ж.Т. Мирзамахмудов, Суу чарба министри Ш.Р. Хамраев, Сырдарыя бассейни- суу башкаруу органдарынын начальниги О.А. Холходжаев, "Өзбекстан УЭТ" АК Башкармалыгынын төрагасы Д.А. Исакулов жана “КДЦ Энерниянын” директору Х.А. Шамсиев, үч өлкөдөн келген энергетикалык компаниялардын тийиштүү жетекчилеринин катышуусу менен суу-энергетикалык кызматташтык маселелери боюнча суу чарба жана энергетика ведомстволорунун жетекчилери катышты.