Салык кызматкерлери жеке ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Биринчи май районунун прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында соода жайларында иш алып барган жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, укук бузууларга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана бизнес-коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ачык диалогду камсыз кылуу болуп саналат.
Жолугушууда укук бузуу катталган учурда кайрылуу тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан “Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо боюнча” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлердин уюлдук телефондоруна мобилдик тиркемени жүктөп, аны колдонуу тартиптери практикалык түрдө көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, тиркемени Play Market жана App Store платформаларынан жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучу ишкерлер прокуратура органдары менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз өтүп турушу зарыл экендигин белгилешти.
