Чаткалда Фермерлерди тейлөө борбору ачылды
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлайт.
Борбордун ишмердүүлүгү аймактагы фермерлерге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Борбордун негизги максаты - жергиликтүү фермерлерге бардык керектүү кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
Мында фермерлер агрардык кеңеш алуу, айыл чарба техникаларын ижарага алуу, үрөн жана жер семирткичтер тууралуу маалымат, өндүргөн продукцияны каякка сатуу, асыл тукум мал чарбачылыгы ж.б көптөгөн көптөгөн кызматтар жөнүндө маалымат ала алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Фермерлерди тейлөө борбору Бишкек, Каракол шаары, Сузак, Кара-Суу, Айтматов ж.б бир катар шаар, район борборлорунда ачылган болчу.
Борборлор министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык ишке ашууда.
