Ошто көмүрдүн тоннасы 7500-8000 сомдон сатылууда
Ош шаарында көмүрдүн бир тоннасы 7500-8000 сомдон сатылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын аймактык башкармалыктарындагы жашоочулар үчүн 35 жерде көмүр сатуу пункттары уюштурулган.
Белгилей кетсек, 1-октябрда мэрияда кыш мезгилинде жылуулук берүүгө даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү ишканалар 2025-2026-жылдардын жылуулук мезгилине даярдоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти.
