Акылбек Түмөнбаев жана Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусунда акчалай сертификаттарды тапшырышты
Бүгүн, 11-июлда «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусунун Түп районунда 2025-жыл үчүн Түп району боюнча аз камсыз болгон 102 үй-бүлөгө социалдык келишимдин негизинде 150 миң сом өлчөмүндө социалдык жардам көрсөтүү үчүн сертификаттарды тапшыруу аземине катышты.
Сертификаттарды тапшыруу салтанатына ошондой эле Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Тимур Мадяров, жергиликтүү тургундар катышты.
Салтанатта эл өкүлү сөз сүйлөп, калктын жакырчылыгын жоюу – мамлекет башчысынын Министрлер кабинетине койгон негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, Эмгек министрлиги калкка киреше алып келүүчү чакан бизнес ачууга көмөк көрсөтүп жаткан демилгеге токтолду.
«Мамлекет менен социалдык келишим түзүү аркылуу жакырчылык кыйла кыскарып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр иштеп, өзүн-өзү камсыз кылып калышканы сүйүндүрөт. Бүгүнкү каражат алгандар дагы максаттуу план түзүп, пайдалуу иш баштооңорго тилектешмин», – деди Акылбек Түмөнбаев.
Түп районунда социалдык келишим аз камсыз болгон 202 үй-бүлө менен түзүлгөн. Келишимдин алкагында 2022-жылы 50, 2023-жылы 152, ал эми 2024-жылы 294 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү каражаттар берилген.
Иш чаранын соңунда мурдагы жылдардагы социалдык келишимдин негизинде жардам алгандардын ийгиликтүү жетишкендиктери тууралуу презентация көрсөтүлүп, концерттик программа коюлду.
Андан тышкары, «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Түп районундагы Карасаев айыл аймагынын айылдарын кыдырды. Эл өкүлү айыл аймактагы Кош-Дөбө жана Миң-Булак айылдарында курулуп жаткан социалдык объектилерге барып, иштин жүрүшүнөн кабар алды.
Аталган эки айылда тең спорт залы менен 100 орундуу мектеп салынууда. Курулуш иштери өз убагынан кечигип, иш солгун жүрүп жатканына күбө болгон депутат подрядчы компаниялардын жетекчилерине жаңы билим уяларын быйылкы окуу жылынын башталышына чейин бүтүрүү тапшырмасын койду.
