Баткенде ири инвестициялык долбоорлор ишке ашат. Алар кытайлык инвесторлорго сунушталды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кытайдан келген Hebei Lugang Group компаниясынын төрагасы Лю Руйляо баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Hebei Lugang Group — логистика, транспорттук инфраструктура жана эл аралык соода багытында иш алып барган Кытайдын ири компанияларынын бири.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус жетекчилиги тарабынан Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилип, облус аймагында ишке ашырууга сунушталган артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор тааныштырылды.
Анын алкагында кытайлык инвесторлорго «Достук» эл аралык соода-логистикалык паркы долбоору, көп кабаттуу турак жайларды куруу жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү багытындагы долбоорлор сунушталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашып, кытайлык компаниянын өкүлдөрү сунушталган долбоорлорго кызыгуусун билдирип, мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.
