Чүй облусунда италиялык компаниянын катышуусу менен таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу маселеси талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов таштандыларды кайра иштетүү боюнча инновациялык жана экологиялык таза технологияларга адистешкен Италиянын TRITOR S.r.l. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катуу тиричилик таштандыларын башкаруу жаатындагы компаниянын заманбап чечимдери сунушталды. Тараптар Чүй облусунун аймагында таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Тактап айтканда, облустун батыш жана чыгыш тараптарында эки ишкана куруу мүмкүнчүлүгү каралды. Ишканалар тиричилик таштандыларын сорттоодон өткөрүп, андан кийин альтернативдүү отун – RDF (жогорку калориялуулуктагы калдыктардан алынуучу катуу альтернативдүү отун) өндүрүү менен алектениши күтүлүүдө. Бул отун эффективдүүлүгү боюнча көмүргө тете болуп, зыяндуу заттар аз бөлүнүп, айлана-чөйрөгө уулуу таасир тийгизбейт.
Ыйгарым укуктуу өкүл аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, таштандыларды көмүү көлөмүн кыскартууга жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө багытталган заманбап экологиялык технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдү улантып, долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн болгон форматтарын региондун кызыкчылыктарын эске алуу менен дыкат иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.
