Кыргызстанда алгачкы ирет дан эгиндерин атайын рукавдарга сактоо технологиясы колдонулууда
12 июль

Кыргызстанда алгачкы ирет дан эгиндерин атайын рукавдарга сактоо технологиясы колдонулууда

Кыргызстанда алгачкы жолу дан эгиндерин сактоонун жаңы ыкмасы – атайын полиэтилен рукавдарга жүктөп сактоо технологиясы колдонулуп баштады. Бул жабдуу Россия Федерациясынан алынып келип, Чүй облусундагы “Таза-Жан” үрөнчүлүк чарбасында иштей баштады.

Рукав –бул узундугу 60 метрге чейин жеткен герметикалык полиэтилен түтүкчө болуп, ага дан эгиндери атайын жүктөгүч агрегат аркылуу салынат. Бир рукавга 220 тоннага чейин дан батат. Бул технология эгиндин сапатын сактап, нымдуулук, зыянкечтер жана температуранын өзгөрүшү сыяктуу коркунучтардан коргойт.

Мындан тышкары, рукавдарга синаж жана силос да салууга болот. Бул мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлер үчүн абдан пайдалуу.

Рукав менен сактоо жоготууларды азайтып, кампаларды курууга кеткен чыгымдарды кыскартат жана айыл чарба өндүрүүчүлөргө продукцияны пландуу түрдө сатууга шарт түзөт.

Министрлик айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүүнү улантат жана фермерлерге жаңылыктарды ишке ашыруу боюнча кеңеш берүүчү колдоо көрсөтүүгө даяр.