Салык кызматы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады
4 апрель

Салык кызматы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан «Ак-Жол» өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспорт каражатын текшерүү учурунда 1,1 млн сомдон ашык суммадагы ар кандай аталыштагы дары-дармектер салынган 25 куту табылган. Ташылып келинген продукциянын тиешелүү коштомо документтери болгон эмес.

Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, транспорт каражаты айып короо жайына токтотулуп, эсепке алынбаган товарлар тартып алынды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.