МСК 1-октябрдан тартып мейманкана бизнесине фискалдык маалыматтык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизет
Мамлекеттик салык кызматы мейманкана секторунда маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун башталгандыгын билдирет. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов “Спутник Кыргызстан” радиосуна берген маегинде билдирди.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов мейманкана бизнесинин иши коомдук тамактануу тармагынан айырмаланып турарын белгиледи. Ал буга байланыштуу система ар бир тармактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен киргизилип жатканын кошумчалады.
Эске салсак, пилоттук долбоор коомдук тамактануу тармагына 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып киргизиле баштаган жана ал этап-этабы менен ишке ашырылат:
• 2025-жылдын 1-октябрынан тартып — мейманканаларда;
• 2026-жылдын 1-февралынан баштап — май куюучу жайларда.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу 2026-жылдын 31-июлуна чейин улантылып, Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларына жайылтылат.
Ошондой эле, өздүк эсепке алуу системасы бар салык төлөөчүлөр долбоорго иш чөйрөсүнө карабастан ыктыярдуу түрдө катыша алышат.
Туруктуу иштөөнү жана жогорку жүктөмдөргө даярдыкты камсыз кылуу үчүн сервердик кубаттуулукка талдоо жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, учурдагы техникалык ресурстар жетиштүү жана ашыкча жүк болбойт.
"Талдоонун жыйынтыгы техникалык көйгөйлөрдүн пайда болушуна негиз жок экендигин көрсөттү", — деп баса белгиледи төраганын орун басары Азат Алманбетов.
Фискалдык программалык камсыздоо Салык жана бухгалтердик эсепке алуу, ошондой эле бизнес-процесстерди автоматташтыруу максатында колдонулган салык төлөөчүлөрдүн ички эсеп системасы болуп эсептелет.
Ал Салык кызматынын маалыматтык системалары менен түздөн-түз интеграцияланып, сатуулар жөнүндө маалыматтарды берүүнү жана ККМ чектерин түзүүнү түздөн-түз эсепке алуу системасы аркылуу ишке ашырат. Бул маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылат.
Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ишкерлер Мамлекеттик салык кызматынын тиешелүү аймактык органдарына кайрылса болот.
