Төрөбаев «Кыргыз Текстиль Хаб» комплексине барды жана токуу өнөр жайын өнүктүрүү келечегин талкуулады
Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Дача-Суу айылында жайгашкан «Кыргыз Текстиль Хаб» өндүрүштүк комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, материалдык-техникалык базаны модернизациялоо, ошондой эле ата мекендик токуу продукциясынын экспорттук потенциалын кеңейтүү маселелери каралды.
Инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана токуу жана тигүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
«Кыргыз Текстиль Хаб» комплексин өнүктүрүү ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, экспортту арттырууга жана Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайынын эл аралык рыноктордогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
