Кыргызстан ШКУ жыйынында агрардык кызматташтыкты тереңдетүүнү сунуштады
Кытай Эл Республикасынын Куньмин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин онунчу жыйыны болуп өттү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын делегациясы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев башчылык кылып катышты. Жыйынга ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу мамлекеттердин жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн айыл чарба министрлери жана расмий өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар агрардык тармактагы кызматташтыктын негизги багыттарын – айыл жерлерин өнүктүрүү, жакырчылыкты азайтуу, соода-экономикалык кызматташтык жана илимий-технологиялык алмашуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасы төмөнкү багыттарды камтыган бир катар демилгелер менен чыкты:
- агрардык саясат жана стратегиялык пландаштыруу жаатында тажрыйба алмашууну бекемдөө;
- практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топторду түзүү;
- айыл чарбасында инновациялык жана санариптик технологияларды өнүктүрүү;
- үрөнчүлүк жана агротехнология багытындагы биргелешкен илимий-билим берүү программаларын илгерилетүү;
- экологиялык таза продукцияны жана “жашыл коридорлорду” өнүктүрүү;
- суу ресурстары жана аквакультура жаатындагы кызматташтыкты жандандыруу.
Кыргыз Республикасы ШКУнун мүчө өлкөлөрү менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирип, агрардык саясат боюнча эксперттердин туруктуу жумушчу тобу менен бирге агроплатформа – билим жана долбоорлор менен алмашуу үчүн бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык мейкиндик түзүүнү сунуштады.
Жыйындын жыйынтыгында өлкөлөрдүн өнөктөштүктү чыңдоого, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө умтулуусун чагылдырган биргелешкен декларация кабыл алынды.
Кыргыз Республикасы ШКУнун алкагындагы кызматташтыкты агрардык секторду өнүктүрүүдөгү стратегиялык мааниге ээ багыт катары карайт жана бул платформа аркылуу продукцияны жаңы рынокторго чыгаруу, өз ара пайдалуу соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, ошондой эле техникалык жана илимий кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү ачыларын белгилейт.
