Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь айындагы инвестициялык ишмердүүлүгү
11 февраль

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь айындагы инвестициялык ишмердүүлүгү

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь айындагы инвестициялык ишмердүүлүгү.

Социалдык фонд 2025-жылдын январь айында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын төмөнкүдөй инвестициялады:

 Мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) – 1 739,6 млн сом, жылдык кирешелүүлүгү 15,22-16,00%.
 Коммерциялык банктардын депозиттерине – 150,0 млн сом, жайгаштыруу мөөнөтү 12 ай, жылдык кирешелүүлүгү 12,8%.

 Жалпы инвестицияланган сумма: 1 889,6 млн сом.

 Мурда инвестицияланган каражаттардан алынган киреше:
 Мамлекеттик баалуу кагаздардан – 334,1 млн сом.
 Депозиттер боюнча пайыздык киреше – 13,0 млн сом.
 МТПФнын эсептериндеги күнүмдүк калдыктардан түшкөн пайыздык киреше – 3,0 млн сом.

 2025-жылдын январь айында инвестициялардан алынган жалпы киреше – 350,1 млн сом.

 МТПФнын каражаттарынын натыйжалуу инвестицияланышы пенсиялык топтомо төлөмдөрдүн туруктуулугун камсыздайт.