Мамлекеттик салык кызматы салыктын жылдык кирешесине жараша ставкалары тууралуу эскертти
23 ноябрь

Мамлекеттик салык кызматы салыктын жылдык кирешесине жараша ставкалары тууралуу эскертти

Мамлекеттик салык кызматы чекене соода жүргүзгөн ишкерлерге бизнес жүргүзүү үчүн пайдалуу шарттарды камсыз кылуучу бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт.

Бирдиктүү салык чакан жана орто бизнес үчүн түзүлгөн. Ал отчеттуулуктун, милдеттүү жол-жоболордун көлөмүн кыскартып, административдик жана финансылык жүктөрдү олуттуу түрдө азайтат.

Жөнөкөйлөтүлгөн системада чекене ишкерлер үчүн жылдык кирешеге жараша салыктын төмөнкү ставкалары бар:

  • 15 млн сомго чейин – 0%;
  • 30 млн сомго чейин – 0,5%;
  • 50 млн сомго чейин – 1%;
  • базарларда жана кичи базарларда 100 млн сомго чейин – 0,1%.

Мындан сырткары, чекене соода үчүн электрондук эсеп-фактураларды тариздөөдөн, товардык калдыктарды эсепке алуу жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын системасында эсептен чыгаруудан бошотуу сыяктуу бир катар жөнөкөйлөштүрүүлөр каралган (чекене соода жүргүзүүдө ЭТТКны тариздөө талап кылынбайт).

Жөнөкөйлөтүлгөн система менен иштөөнүн негизги жана милдеттүү талабы ЭТТК жана ЭЭФ системасында таризделген товарларды сатып алуу жана аларды ККМ аркылуу сатуу болуп саналат. Аларды салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде, анын ичинде бухгалтериядагы атайын билими жок, мобилдик телефондор аркылуу оңой эле текшерүүгө жана тастыктоого болот.

Иш жүзүндө көмүскө сектордо иштеген дүң базарлардагы ак ниетсиз жеткирүүчүлөр жана ишкерлер өз ишмердүүлүгүнүн реалдуу көлөмүн жашыруу жана салык төлөөдөн качуу үчүн ЭТТК жана ЭЭФ системасында каттоодон качууга аракет кылышат.

Бирок, алардын иш-аракеттери башка ак ниеттүү ишкерлерге жана бүтүндөй экономикага олуттуу көйгөйлөрдү жаратат:

  • чекене дүкөндөр тастыктоочу документтердин жоктугуна туш болушат;
  • ак ниеттүү ишкерлер көмүскө экономика менен иштегендерге атаандашууга аргасыз болгон теңсиз шарттар түзүлөт;
  • инфраструктураны жана социалдык программаларды колдоого багытталган бюджеттин кирешелери азаят;
  • мыйзамга баш ийген ишкерлер пайдасы аз абалда калганда, ак ниетсиз атаандаштык күчөйт.

Салык кызматы дүң базарларда иштеген ишкерлерди салык мыйзамдарынын талаптарын так сактоого жана чекене дүкөндөргө товарларды сатууда ЭТТК жана ЭЭФти тариздөөгө чакырат.