Кыргызстан айыл чарба тарамгында спутниктик технологияларды колдоно баштайт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Азербайжан Республикасынын спутниктик оператору Azercosmos менен биргеликте агрардык тармакта Жерди дистанциондук зонддоо боюнча долбоорду ишке ашырууда.
Пилоттук этап 2024-жылы Сокулук районунда, 2023-жылдагы спутниктен алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү.
- Максаты – айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалын жана өсүшүн алыстан мониторинг кылуу системасын киргизүү.
- Пилоттук этаптын жыйынтыгы менен 2025-жылдан тартып долбоорду республика боюнча кеңейтүү чечими кабыл алынды.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтыктар:
- 5 негизги айыл чарба өсүмдүгү боюнча маалыматтар чогултулду;
- Жалпысынан 2057 өсүмдүк үлгүсүн алуу пландалган, анын 1443 үлгү ийгиликтүү алынып, бул 70%ды түздү.
Спутниктик мониторингдин негизги артыкчылыктары:
- Жер ресурстарын башкарууну натыйжалуураак кылууга көмөк көрсөтөт;
- Фермерлерге агротехникалык кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк берет;
- Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатат.
Кийинки этап – долбоордун географиясын кеңейтүү жана 2025–2026-жылдары республика боюнча толук жайылтуу.
Министрлик айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында инновациялык чечимдерди илгерилетүүнү улантат.
