Ала-Бука районунда жер семирткич өндүрүүчү “Агрофос” заводу ишке кирди
Ала-Бука районунун Ак-Там айылында “Агрофос” жаңы өндүрүш заводу ишке кирди. Заводдун негизги максаты айыл чарба үчүн керектелүүчү минералдык жер семирткичтерди өндүрүү болуп саналат. Учурда заводдо 6 адам иш менен камсыз болуп, күнүнө 15 тоннага чейин продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев заводдун иши менен таанышып, өзүнүн сунуш-пикиилеиин билдирди. Мындан сырткары облус башчысы өндүрүштүк жайдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.
