Орто-Токой ГЭСинин курулушу 80% бүттү
13 январь

Орто-Токой ГЭСинин курулушу 80% бүттү

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында реформаларды жүргүзүп, жаңы кубаттуулуктарды курууга өзгөчө көңүл бөлүүдө. Анын алкагында “Чакан ГЭС” ААК бүгүнкү күндө Орто-Токой ГЭСин куруу иштерин 80 % аяктады.

Орто-Токой ГЭСинде курулуш иштери бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда.

Алсак,

• узундугу 950 метрди түзгөн деривациялык тоннелдин казуу иштери толугу менен аяктады;

• суу өткөрүүчү тоннелдин темир-бетон каптамасын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө;

• тармакталуучу түйүндөгү камеранын дубалдарын жана грунтун даярдоо жана бекемдөө иштери аткарылууда;

• үч чыгуусу бар тоннелдик тармакты монтаждоого даярдык көрүлүүдө:анын ичиндеги бир чыгуусунда 93,6 метр, экинчисинде 74,4 метр металл конструкциялар орнотулуп, ширетилди.

Гидроэлектростанциянын имаратында курулуш иштеринин бир катар этаптары аяктады:

• ГЭС имаратынын курулуш иштери 90 пайызга аяктады;

• төмөнкү бьефтеги суу агызуучу каналдын затворлорун көтөрүүчү механизмдер үчүн колонналарды арматуралоо жана бетондоо иштери толугу менен бүткөрүлдү;

• чатырдын каркасын монтаждоо иштери аяктап, учурда чатыр жабуу иштери жүргүзүлүүдө;

• №№ 1, 2, 3 гидротурбиналардын жана дисктүү затворлордун монтаждоо иштери аяктады.

Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт.