1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүндө маркетплейстен алынып келинген товарларга жаңы алымдар киргизилет
13 январь

1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүндө маркетплейстен алынып келинген товарларга жаңы алымдар киргизилет

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши чет өлкөлүк маркетплейстерден жеке адамдар тарабынан сатып алынган электрондук соода товарларын алып кирүүнү жөнгө салган бир катар чечимдерди кабыл алды.

Жаңы эрежелерге ылайык, бажы төлөмүнсүз алып кирүүнүн чеги 200 евро өлчөмүндө белгиленип, келечекте кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул суммадан ашкан учурда улуттук кошумча нарк салыгынан (КНС) тышкары, сатып алуунун жалпы наркынан 5% өлчөмүндө бажы алымы алынат, бирок ал кеминде бир килограммына 1 евродон аз болбоого тийиш. Айрым товар категориялары үчүн, мисалы, автомобилдерге өзүнчө бажы алымдары колдонулат.

Мындан тышкары, ЕАЭБдин Бажы кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө каралган электрондук соода үчүн адистештирилген декларация аркылуу жөнөкөйлөштүрүлбөстөн декларациялануучу товарлардын тизмеси бекитилди. Ага жеке пайдаланууга арналбаган товарлар (солярийлер, ички күйүүчү кыймылдаткычтар, медициналык эмеректер, оюн автоматтары ж.б.), алып кирүү же чыгарып кетүү үчүн уруксат талап кылынган товарлар (курал-жарак, ок-дары, казылып алынган сөөктөр, кооптуу калдыктар ж.б.), ошондой эле алкоголь, тамеки, накталай акча, аба жана суу транспорт каражаттары, айрым транспорт каражаттары жана алардын шассилери кирди.

«Бул чечимдер пакетинин кабыл алынышы электрондук сооданы жөнгө салган ЕАЭБдин Бажы кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн толук күчүнө кириши үчүн зарыл болгон нормативдик базаны калыптандырууну аяктады», — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.