Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 2,9 пайызга азайды
2026-жылдын январь-февраль айларында республиканын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсү 2,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайызга азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматта айтылгандай, мында экспорт 12,5 пайызга, импорт 1,1 пайызга кыскарды.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы 2026-жылдын январь-февраль айларында 816,0 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 0,5 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде өз ара сооданын негизги үлүшү Россияга (67,6 пайыз) жана Казакстанга (29,8 пайыз) туура келди.
