Киши башына – 8 миң 769 сом: II кварталдагы жашоо минимуму
2025-жылдын II кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 769,94 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 7,7 пайызга өстү.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, өлкөнүн бардык аймактарында II кварталда жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт.
Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.
