Жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча ИДП 10,1 пайызга өстү
2026-жылдын январь-март айларында ички дүң продукт (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 428,6 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 10,1 пайызга өстү..
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу төмөнкү тармактардагы өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыз болду: химиялык продукция (3,1 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердиктин продукциясы (1,7 эсеге), фармацевтикалык продукция (1,6 эсеге), транспорт каражаттары (49,5 пайызга), резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары (39,7 пайызга), тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары (17,9 пайызга), тазаланган мунай продуктулары (14,6 пайызга), негизги металлдар (10,5 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (30,4 пайызга)..
Курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалып, көлөмү 29,6 пайызга өстү, дүң жана чекене соода – 12,1 пайызга, ошондой эле айыл чарба – 2,8 пайызга көбөйдү.
2026-жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3 пайызды түздү. Ошол эле учурда, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары – 3,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 0,5 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери – 5,3 пайызга жогорулады.
Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республикадагы бардык аймактарда байкалды. Мында эң жогорку өсүш Ош облусунда катталып (7,2 пайыз), бул тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардын (5,4 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (5,5 пайызга) жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтеринин (12,3 пайызга) жогорулашы менен шартталды. Ал эми алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары боюнча эң жогорку өсүш Ысык-Көл облусунда катталды (6,5 пайыз).
2026-жылдын январь-февраль айларында республиканын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсү 2,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайызга азайды. Мында экспорт 12,5 пайызга, импорт 1,1 пайызга кыскарды.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы 2026-жылдын январь-февраль айларында 816,0 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 0,5 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде өз ара сооданын негизги үлүшү Россияга (67,6 пайыз) жана Казакстанга (29,8 пайыз) туура келди.
