Кыргызстанда түшүм жыйналды: Таласта – калемпир, Чүйдө – сабиз мол болду
9 декабрь

Кыргызстанда түшүм жыйналды: Таласта – калемпир, Чүйдө – сабиз мол болду

Быйыл Кыргызстан дан өсүмдүктөрүн түшүмү азыраак болду, буга аба ырайынын кескин ысышы, жайдын кургакчыл болушу себеп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Айтымында, өлкөнүн аймактары боюнча алганда, ар бир облус өзүнчө кайсы бир жашылчанын түшүмүнөн алдыга чыкты. Мисалы, Талас облусунда калемпир бир гектардан 25 тоннадай жыйналды. Буга чейин орточо 15-20 тоннадан алып жүрүшкөн. Чүй облусунда сабиз – 70-73 центнер (буга чейин 30-40 центнер). Нарында картошка – 35-40 центнер. Ал эми Баткенде пияз, Ысык-Көлдө алмурут, алма, картошка, жүгөрү жакшы түшүм берди.

Идирисов белгилегендей, түшүмдүн жакшы болушу өсүмдүктүн сортунан жана дыйкандардын агротехниканы туура, убагында колдонгонунан улам болот.

Ал эми дан өсүмдүктөрү – арпа жана буудай негизинен кайрак жерлерге айдалат, мындан улам жай кургакчыл болуп, жамгырдын аз жаашы анын түшүмүнө терс таасирин берди.

“Министрлик бул жылы 3+2 пилоттук долбоорун ишке киргизген. Ар бир аймактан өсүмдүк өстүргөн дыйкандардан үчөөнү, мал чарбачылыгындагылардан экөөнү тандап алып, үрөн себилип баштагандан түшүм жыйналып алганга чейин министрликтин адистери алардын жанында жүрүп, техникалык жактан, кеңеш жактан кол кабыш кылышты. Алар абдан жакшы түшүм алышты”, – деди Идирисов.

Ал өлкө боюнча түшүм 98 пайызга жыйналып бүткөнүн, кант кызылчасынын акыркылары ушул жумада жыйналарын кошумчалады.