Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү төмөндөдү
15 август

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү төмөндөдү

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата 276 миң гектар аянттан дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 23 пайызга көп.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, мында  алгачкы кабыл алынган салмакта 477,4 миң тонна дан жыйналып, өткөн жылдын салыштырмалуу мезгилине карата  22,7 пайызга аз болду. Дан эгиндеринин жалпы түшүмүнүн 270 миң тоннадан ашыгы же дээрлик 57 пайызы Чүй районунун чарбаларына туура келди, анын ичинде 152 миң тонна же 52 пайызын буудай, 117 миң тонна же 63 пайызын арпа ээлеген.

Бирок үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинин вегетация мезгилиндеги температуранын жогору болушуна байланыштуу буудайдын түшүмдүүлүгү 34 пайызга (былтыркы 29,1 ц/га дан 19,1 ц/га), арпанын түшүмдүүлүгү 41 пайызга (25,8 ц/га дан  15,2 ц/га) төмөндөгөн.

Жаздагы температуранын өзгөрүшү буурчак өсүмдүктөрүнүн себүү жана бышуучу мөөнөтүнө таасирин тийгизди. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата 320 гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 30 пайызга аз.

Муну менен бирге, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азык түлүк бакчасы 12,6 пайызга, жашылча 11,9 пайызга жана картошканын дүң жыйымы 9,6 пайызга өскөн.