Кыргызстан Россияга жаңы унааларды эң ири жеткирүүчү өлкөлөрдүн бири бойдон калууда
Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстан Россияга жаңы жеңил унааларды жеткирген өлкөлөрдүн арасында экинчи орунду ээледи, деп айтылат Автостат аналитикалык агенттигинин баяндамасында.
Импорттун жалпы көлөмүнүн – январь айынан июнь айына чейин Россия Федерациясына 408,5 миң автоунаа импорттолсо, 8% Кыргызстандан келген, бул 32 миңден ашык автоунааны түзөт. Бул Беларусь (4,7%), Түштүк Корея (4,4%) жана Казакстан (2,2%) сыяктуу өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору.
Кытай Россияга жаңы унааларды жеткирүү боюнча лидер бойдон калууда – бардык унаалардын 77%, бул 314 миң бирдиктен ашык.
Автоунаалардын импорту жалпысынан кыскарган - 2025-жылдын биринчи жарымында алар 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 63% га кыскарган.
Импорттолуучу унаалардын арасында эң популярдуу 5 бренд:
- Changan – 15,8%
- Geely – 10%
- Haval – 6,9%
- TANK – 6,5%
- Toyota – 5%
